Публикации
Качикеева Бакыта Женишбековна «ДаткАйым» программасынын алкагында тренингдер сериясын өткөрдү
«ДаткАйым» программасынын алкагында укук жана парламент маселелери боюнча эксперт, мониторинг жана баалоо боюнча адис Качикеева Бакыта Женишбековна өткөргөн билим берүүчү тренингдер сериясы ийгиликтүү аяктады.
Тематикалык блоктун жүрүшүндө катышуучулар аял-лидердин жеке натыйжалуулугун жана кесиптик туруктуулугун сактоо, мыйзамдарга жана өнүктүрүү программаларына мониторинг жана баалоо жүргүзүү, ошондой эле парламенттик көзөмөлдүн инструменттерин колдонуу боюнча практикалык билимдерге жана пайдалуу көндүмдөргө ээ болушту.
📌 27-октябрь — Жогорку жүктөм шарттарында аял-лидердин жеке натыйжалуулугун жана кесиптик туруктуулугун сактоо.
📌 28-октябрь — Мыйзамдарга жана өнүктүрүү программаларына мониторинг жана баалоо жүргүзүү, негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтарды пайдалануу.
📌 29-октябрь — Реалдуу өзгөрүүлөргө жетишүү үчүн парламенттик көзөмөлдүн инструменттерин колдонуу.
🤝 30-октябрда тематикалык блоктун жыйынтыгы боюнча офлайн-жолугушуу жана мастер-класс өткөрүлүп, катышуучулар алган билимдерин бекемдеп, тажрыйба алмашышты.
✨ Бул тренингдер аял-лидерлердин кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана чечим кабыл алуу процесстерине натыйжалуу катышуусуна багытталды.
Качикеева Бакыта Женишбековнага эксперттик салымы, тажрыйбасы жана катышуучулардын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз!
«ДаткАйым» — аялдардын лидерлигин өнүктүрүү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү платформасы!