Публикации
Фронтбек кызы Жамал «Менторлук» программасынын алкагында тренингдерди өткөрдү
Фронтбек кызы Жамал «Менторлук» программасынын алкагында тренингдерди өткөрдү
2026-жылдын 1–3-сентябрында «Менторлук» программасынын алкагында насаатчы Фронтбек кызы Жамал — «Мутакалим» коомунун төрайымы, экономика илимдеринин кандидаты, дин таануучу — ментилер үчүн бир катар практикалык тренингдерди өткөрдү.
Үч күндүн ичинде катышуучулар лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, өзүн өнүктүрүү, фандрайзинг жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү, ошондой эле натыйжалуу коммуникация жана коом алдында эркин сүйлөө боюнча жаңы билимдерге жана практикалык көндүмдөргө ээ болушту.
📌 1-сентябрь — «Лидерлик жана өзүн өнүктүрүү»
📌 2-сентябрь — «Фандрайзинг жана өнөктөштүк түзүү»
📌 3-сентябрь — «Натыйжалуу коммуникация жана коом алдында сүйлөө»
Тренингдердин жыйынтыгы менен 4-сентябрда насаатчы менен ментилердин офлайн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар тренингдерде алган билимдерин талкуулап, өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, суроолорун берип, мындан аркы иш-аракеттери жана идеялары тууралуу пикир алышты.
Өткөрүлгөн тренингдер аялдардын лидерлик потенциалын күчөтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууга жана алган билимдерин коомдук жана кесиптик ишмердүүлүгүндө колдонууга багытталды.